Саясат
Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.



