Саясат

Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаров Ширшовго окшогон чектен чыккан кылмышкерлерге катуу чабуул жасап жатат”

Экс-министр Каныбек Осмоналиев азыркы тапта коррупция менен болгон күрөш тууралуу пикирин билдирди.

-Ширшовдун камалышы, азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүнүн эң мыкты иши болду деп ойлойм. Анткени өзүңөр ойлоп көргүлөчү? Алексей Ширшов деген мурда «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» бир жети баштуу ажыдаар болуп жүргөн.  Анын күнөөлөрү ушунчалык көп болгондуктан эл аралык Интерпол менен изделип калган. Анын күнөөсү: «Ага ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алган жана ашыкча коромжу» менен пайдаланылган делинет. Убагында бул эргул «Дастан» ТНК сын каалганча майкандаган. «Электр станциялары» аттуу ААКмуна каржылык директору болуп алып, атагы таш жарган «Ширшовдун схемасы» деген коррупциялык кылмышты негиздеген. «Түндүкэлектрону” ээлеп алып жасаган кылмыштары эмдигиче легенда катары айтылып келет. Дагы кандай чара көрүлүш керек эле, бул эргулга? Президент Садыр Жапаров Ширшовго окшогон чектен чыккан кылмышкерлерге азыр катуу чабуул жасап жатат. Баары мыйзам жолунда болушу керектигин дагы эскертүүдө. Ошондуктан президенттин мындай чечкиндүү кадамдарын кубаттап гана турушубуз керек!

Ширшовго окшогон күнөөкөрлөрдүн бир нече коркунучтуу жактарын айтып коюшубуз керек. Биринчиден, алар өлкөнүн коопсуздугуна шек келтиришет. Анткени системалуу кылмыш иштерин максат коюп ойлоп таап, аны ишке ашырышат. Көптөгөн чиновниктерди өзүнө багындырып алып, аларды кылмыш жолуна кириптер кылышат. Экинчиден, алардын жазасыз  жыргап-куунап жүргөнүн көргөндөр, айрыкча, жаштар аны туурап, кылмыш жолуна түшүшөт. Бул өтө коркунучтуу прецедент. Ошондуктан, УКМК Баш прокуратура бул субъектке каршы катуу тергөө иштерин уюштуруп, коррупцияга баш-оту менен кирген адамга кандай катаал чара көрүлө тургандыгын дадилдеп коюшу керек! Ошондо гана өлкө өнүгүү жолуна түшө алат!- деди Каныбек мырза.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button