Коом
5-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы
Кыргызстандын аймагында 5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ытымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+9, Нарын облусуунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11 градус суук болот. Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкү абанын табы -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градуска жетет.



