Дүйнө

Коркунучтуу кинодой! Англияда адам өлүмү жөнүндө жазылган каты бар куурчак табылды

Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында жергиликтүү жашоочу үйүн оңдоп жатып, коркунучтуу кат таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Жонатан Льюис үйдүн дубалын бузуп жатып, тепкичтин астындагы боштуктан кичинекей отургучта отурган чүпүрөк куурчакты таап алган. Куурчактын колунда үйдүн мурунку кожоюндарынын өлтүрүлүшү тууралуу маалымат камтылган кичинекей жазуу болгон.

«Менин атым Эмили, мени бошотконуңуз үчүн рахмат! Бул үйдө 1961-жылы менин түпкү кожоюндарым жашашкан. Мен аларды жактырчу эмесмин. Себеби алар ырдашып, көңүл ачып, аябай жийиркеничтүү болчу. Ошондуктан мен аларды өлтүрүүгө аргасыз болгом», — деп жазылган куурчактын колундагы катта.

Куурчакты таап алган жаран муну тамаша катары көрүп, үйдөн көчүп кеткен эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button