Коом

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын Жайыл Русланов жетектемей болду

Русланов Жайыл Русланович Жогорку Кеңештин аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Эркинбек Каимов ээлеп келген, ал өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университинин Журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн. 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчылык кызматты аркалаган.

Ал эми 2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүндө консультант, улук консультант жана эксперт кызматтарында иштеп келет. Ошондой эле 2019-жылы Басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button