Коом
Орозайым Нарматова «Сереп Медиа» компаниясына ээ болду

Бул тууралуу журналист Болот Темиров документтерди тиркеп, билдирүү жазды. Ал Нарматова 16-сентябрдан тарта ресурска ээлик кылганын белгилеген.
«Сереп Медиа» популярдуу СуперТВ медиаресурсуна ээлик кылат. Айрым маалыматтарга караганда ага Супер-Инфо холдинги ээлик кылган бардык медиаресурстар кирет»,-дейт Темиров.
СуперТВ ресурсу Кореядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султанов тиешелүү болуп келгени маалым.



