Окуялар
Баткенде 11-класста окуган кыз үйүнүн огородундагы бакка асынып алды

Баткен шаарында 11-класстын окуучусу асынып алды. Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, окуя 27-май күнү болгон.
«18 жашка толгон кыз үйүнүн огородундагы бакка асынып алган. Аны таңкы саат 05:30 чамасында жакындары көргөн. Кызды ооруканага алып барышкан жана кыз каза болгон. Кыздын жакындары жансыз денени экспертизадан өкөрүүдөн баш тартты. Үй-бүлөдө эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө», — деп билдиришти облустук милициядан.



