Айжан: “Казино мыйзамдашса, кыргыз жаранын киргизгени үчүн жашыруун кумарканалар менен соттошот элем!”
Кыргызстанда казинону мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлүп, Президент Садыр Жапаровдун акыркы берген маегинен кийин коомчулукта ар кандай талкуу болууда. Айрымдары президенттин бул демилгеси колдосо, айрымдар “ушундай арам акчадан да казынага пайда түшүрүү керекпи, эми элдин баары кумарканага барышат, эл бузулат” деген сыяктуу сындар айтылууда.
Жолдошу Бактыбек (аты-жөнү өзгөртүлдү.ред.) 3-4 жылдан бери кумар оюндарына берилип, ошонун азабын чеккен аялы Айжан редакцияга телефон чалып, казино мыйзамдаштырылышы керек, ошондо элдин канын соргон жашыруун кумарканалар жабылат деп, башынан өтүп жаткан тагдырын айтып берди.
-Жолдошум акыркы 3-4 жылдан бери кумар оюндарына берилип кетти. Өзүбүз Кара-Балта шаарында жашайбыз. Бишкекке келип ойноп, уттуруп, далай адамдарга карыз болду. Карыздарды төлөйлу деп кредит алабыз. Ал кредитти төлөгөнчө кайра кумарканага барат да карызга батат. Ошондуктан мен азыр казинонун мыйзамдуу ачылышын колдойм!
Себеби, 2012-жылдан бери казино расмий иштебейт деп айтылганы менен көп жерде кумарканалар жашыруун иштеп эле жатат. Күйөөм утулуп калганда ал ойногон кумарканаларга барып, алар менен урушуп, далай жолу соттошом деп арызданып да жүрдүм. Жашыруун иштеген казинонун бийликте аларды калкалап турган чоңдору бар экен. Арыздансак да эч жерге үнүмдү жеткире албадым. Ойнойм деген киши баары бир ойнойт экен, аны оңолсун деп эмне гана кылган жокпуз. Психологго да алып бардык, айлам кеткенде даваатка да чыгардык. Оңолуп кетеби деген ой менен. Бирок эки-үч ай жакшы жүрөт да кайра эле баягы жашырынган казиного барып, уттуруп келет. Ошондуктан казино мыйзамдуу иштеп, кыргыз жарандарын киргизбесе, жолдошум да кире албайт болчу. Ал эми жашыруун казиного акча гана керек, ал жерде кимдер гана кирбейт, чоңдор, байлар, биз сыяктуу карапайым адамдар, бечералардан бери киришип, акчасын уттуруп чыгышат. Эгер мыйзамдуу болсо, кыргызстан жарандарын киргизбесе, мынчалык болбойт болчу.
Казинону ачтырбайбыз деп кыйкырганыбыз менен жашыруун кумарканаларды түп тамырынан бери токтотуп, жок кылуу кыйын экен. Мына, он жылдан бери жашыруун кумарканалар иштеп, далай элди сызга отургузуп жатышат.
Эми мыйзамдуу ачыла турган казинолорго Кыргызстан жарандарын жашыруун киргизсе аларды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек же чоң өлчөмдөгү айыппул салыш керек. Ошондо гана кумарканалар кыргыз жарандарын киргизбей калышат жана жашыруун казинолор жабылат.
Мисалы, мен жолдошумдун казиного уттурганын угуп, ойногон жерине барсам, “каалагандарга эшик ачык, киргизе беребиз” деген гана жоопту укчумун. Эми мыйзамдуу ачылса алардын кыргыз жарандарын киргизип жибергени үчүн соттошсом болот.
Ошондуктан, ойном деген адамды баарыбир токтотуу мүмкүн эмес экен, мыйзам менен коркутуп, же казиного киргизбей койсо балким токтоп калаар.
Ал эми буга чейин жашыруун иштеп, элди азгырып, тоногон казинолор, кумарканалар жабылсын!!!