Коом

No19- мекеменин кызматкерлери “Сармерденде” беттешишти

Сармерден – бул байыркы элдик оюн, жигиттер менен кыздардын чыгармачылык менен беттешкен оюн-зоогу.  Бул элибиздин ыр менен бийдеги чыныгы мурасы жана жандуу тарыхы.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иш башкармалыгынын начальниги и/к полковниги Н.Бердикожоев, No19- мекеменин башчысы и/к полковниги А.Байсынов жана анын орун басары подполковник Р.Каадаевдер аскер кызматчылары асыл ырым-жырымдарды жандандырып, кесиптештерине  жагымдуу сезимдерди тартуулоону чечишти. Бул тууралуу ЖАКтын  басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы драма театрынын залында өтүп, ага көптөгөн коноктор катышты.  Сыйлуу калыстар тобунун мүчөлөрү отуруп, катышуучулардын эркектер жана аялдар командаларынын оюнуна баа беришти.

Сармерденде сахнадан “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, элдик ырлар жаңырып,  бийчилер бийлеп, табышмак табышып, кыз узатуу, үйлөнүү каада-салты көрсөтүлдү…

Жыйынтыгында калыстар тобуна эки тараптын тең өнөрлөрү абдан жагып, эки команда тең жеңүүчү деп табылды!

— Биздин максат — каада-салттарды, руханий маданиятты, улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн сактап калуу, — дейт полковник Нурдин Бердикожоев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button