Коом

Европага виза ачып, жумушка орноштурам деп элди алдап, акча алган шектүү кармалды

Ошто «Европага виза ачып, жумушка орноштурам» деп адамдарды алдап, акчасын алып изин жарышып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бул жарандан жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү 1800 евродон беришкен. Шектүү негизинен Польша жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалаган.

Ош ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ош шаарына алып келинген. Ал Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну 1995-жылы туулган М.Ш. болуп чыккан.

Учурда анын кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам иштер уланууда.

Ош ШИИБ жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо 0553-017-017 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button