Коом

Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылды

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.

Мэриянын маалыматына ылайык төмөнкү тилкелер жабылган:

  • Асаналиева көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;
  • Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.

Көчөнүн башка бөлүгүндө ремонт иштери аяктап, ал жерге:

  • эки катмар асфальт төшөлдү,
  • бордюрлар орнотулду,
  • жол белгилери жана маркировкалар коюлду.

Шаар бийлиги айдоочуларды жана тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button