Коом
Садыр Жапаров Сокулуктагы мобилдик клиниканын ишин көрдү

Мульти-диагностикалык комплекс Сокулукта 3 ай иштеп, андан ары Нарын облусуна жөнөтүлөт. Ага чейин өлкөнүн түштүгүн кыдырып келгени белгиленди.

Мобилдик клиникада анализдер үчүн лаборатория, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, мобилдик скрининг жана башкаруу борбору бар. Ошондой эле ташып алып баруу үчүн микроавтобустар камсыздалган.

Долбоор беш жылга эсептелген, аны Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт.



