Спорт
Суучул Денис Петрашов төрт жылда бир өтчү Маккаби оюндарында алтын утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов төрт жылда бир өтчү Маккабиадада (Маккаби оюндарында) алтын утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 12-26-июлга чейин Израилдин Тель-Авив шаарында өтүүдө.
Петрашов 200 метр аралыкка сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн күчүн сынап, алтын медалга татыды.
Эл аралык спорттук иш-чарага спорттун 42 түрүнөн 60 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, Маккаби оюндары – төрт жылда бир өткөрүлүүчү Олимпиада оюндарына окшош эл аралык спорттук мелдештер.



