Ахунбай Кошоев, коомдук ишмер: “Исаков билимсиздиги, кайдыгерлиги менен чоң алааматка жол ачып берген”

— Исмаил Исаков жакында маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде кайрадан кыргыз-тажик чек арасы боюнча түзүлгөн №39 протокол тууралуу айтып чыкты. Анын айтымында, аталган протколдун негизинде Ворух анклавдан чыгып, Лейлек району анклавка айланып кетүү коркунучу бар экен. Исаковдун ушул айткандарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Бул адаттагы эле оппозициянын бийликти күнөөлөгөн түгөнгүс талашы. Бийлик талашуунун кумары ушунда – бийликтин ар бир кадамынан эптеп эле жаман нерсе таап, аны коомчулукка жарыялоо аркылуу оппозициядагылар өздөрүнө упай топтошу керек. Исаков балким, өлкөнүн башкы аскер адамы болуп турган маалда нечендеген адамдардын өмүрүн кыйган аскердик билимсиздигинен калк арасында кетирген абройун ушундай жол менен топтоого аракеттенип жатат. Бул кишинин башка таржымалын айтпай, 2010-жылдагы июнь окуясына кошкон “салымын” белгилөө эле жетиштүү. Коргоо министри катары Улуттук гвардияны эл кагылышып жаткан жердин ортосуна коюп, “ким курал алып аткылоону баштаса, эскертүүсүз атылат”, — десе, бул эки улутка тең тийиштүү болгондо, окуя анчалык тереңдебейт эле. Исаков ыкчамсыздыгы, аскердик операцияларды киргизүү жаатындагы билимсиздиги, кызматтык милдетине кайдыгерлиги менен чоң аламаатка жол ачып берди. Анан ошол нерсеге жол берген адамдын чек ара боюнча айтылган сыны ынанымдуу эмес. Негизи, чек ара – жабык тема. №39 протокол – мамлекеттик сыр, ал ачыкталган жок. Ачыкталбаган теманын Кыргызстанга зыянын Исаков кайдан билип алды? Бийликтин чек ара боюнча кеңешчилери, делимитация, демаркация боюнча адистери бар, ошончо адистин акылы Исаковдун акылына жетпей калмак беле? Форма кийсе эле акылдуу болуп калбайт. Форманын ичиндеги жүрөк, эрк, кайрат, патриоттуулук маанилүү. Исмаил Исаков “катуу кыйкырсам мен туура болуп калам” деген позицияны гана колдонуп жатат.
— Кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2009-жылы ошол кездеги Коопсуздук катчысы болуп турган Адахан Мадумаров кол койгон протокол боюнча да талаш пикирлер бар. Анын негизинде Исфара дарыясынын жанындагы жерди кыргыз тарап 49 жылга тажиктерден ижарага алган болуп калганы айтылууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын жыл өткөн сайын курчуп баратышына ошол протоколдун таасири тийдиби?
— Ал жердин узундугу эле 275 метр. Бул жерде түшүнбөстүн болуп калган. Мамат Айбалаев айтып жатпайбы, жогорудагы протоколдон кийин ал жерге тажиктер отурукташып алганын. Аймактык бүтүндүүлүк деген бар, мамлекеттин жеринин бөлүнүп кетиши же башка тарапка таандык болуп калышы – аймактык бүтүндүүлүктү бузгандык. Бул мамлекеттин жерин башка өлкөгө өткөрүп берүүгө жасалган аракет. Мүмкүн алар деле жерди берип салалы деген ниетти карманышпагандыр, билбестик менен кол коюшкандыр. Анын келечектеги кесепетин алдын ала көрө билбегендик, көрөгөчтүктүн жоктугу. Бирок билбегендик мыйзам жоопкерчилигинен куткара албайт. Өткөндүн жаңылыштыгын учурдагы бийлик оңдоп кетиши керек.



