Окуялар

Бишкектеги курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө өчүрүлдү

Ордо калаанын чок ортосундагы жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө саат 23:45те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык Рыскулов көчөсү менен Манас проспектинин кесилишиндеги курулуштан чыкканы кечээ кечинде маалым болгон.

«Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды. Эң үстүңкү кабаттагы курулуш материалдары күйүп кетти. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар болгон жок», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ үстүңкү кабатта 30дан ашуун өрт өчүрүүчү иштегенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button