Он миң сомду алдың деп кызды коркуткан видеотасманын жагдайлары аныкталды

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя ШИИБдин МЭЖне катталган материалдын негизинде 2022-жылдын 26-июлунда Интернет булагы болгон “Tik-Tok” cайтына тарап кеткен видео тасма боюнча жаш өспүрүм Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 17 жаштагы С. кызы Г. экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүл катары апасы 44 жаштагы И.Б. катышуусунда өзүнүн тергөөдө берген сурагында 2022-жылдын 8-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Келечек базарында жүргөн жеринен Э.Б. (кылмышка шектүү) башкаруусундагы “Хонда-Одисей” үлгүсүндөгү унаа менен чыгып Ош-Ноокат унаа жолунан Папан айылы тарапка карай бурулган жолдо токтоп Э.Б. шериги “Х” аттуу бала “Эмнеге кайрымдуулук фондуна элден түшкөн 10000 сом акчаны уурдап кеттиң” деп мени себепсиз уруп жатканда Э.Б. видеотасмага тарткан. Андан кийин Э.Б. машинасы бузулуп, мени такси менен Ноокат шаарына салып жиберген деген көрсөтмө берген. Ошол себептен жаш өспүрүм С. кызы Г. жаран Э.Б. унаасында “Х” аттуу бала уруп денесине жаракат алгандыктан коркуп үйүнө барбай жүргөндүгүн билдирген.
Ал эми тергөө учурунда окуя боюнча шектүү Б.Э. окуя 2020-жылы болгон деп берген көргөзмөсү боюнча жаш өспүрүм С. кызы Г. мыйзамдуу өкүл катары апасы И.Б. катышуусунда өзүнүн тергөөдө берген сурагында окуя 2022-жылдын 8-июнь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында болгондугун күбө катары суралышкан жарандар тарабынан толук далилденген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, — деп билдирди Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



