Коом

Таласта бир нече күн мурун курулган балдар аянтчасын бүлдүрүлүп, жулуп кетишти

Шаар тургундары үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында мындан бир нече күн мурун Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан көп кабаттуу үйдүн короосуна балдар ойноочу аянтча курулган.

Талас шаарынын мэриясынан билдиришкендей, тилекке каршы аталган аянтчанын балдарга ылайыкталган отургучтары белгисиз кайдыгер жарандар тарабынан бүлдүрүлүп, айрым жабдыктары түп орду менен жулунуп кеткен.

Талас шаарынын мэриясы шаардыктардан атайын балдарга арналып жасалган балдар аянтчасына аяр мамиле кылууга, девианттык жүрүм-турумдардан оолак болууга, бар нерсени барктоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button