Окуялар

«Тууганынын баласын катуу сабап, качып кеткен». Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ошто милиция издөөдө жүргөн 1968-жылы туулган жаранды кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 2021-жылдын апрель айында жакын тууганын баласы менен чырдаша кетип, анын денесине оор жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Шектүү мурда наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча соттолуп чыккан.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button