Коом

Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалык» комплексинин директору болду

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалды. Маалыматты министрликтин маалымат кызматы тастыктады.

Ошол эле учурда ЖМКлар мурдагы министр эртең белгисиз мөөнөткө Түркияга учуп кетерин жазышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бейшеналиевдин өзү менен байланыша алган жок.

Белгилей кетсек, ИИМдин Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылган соң ал кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин маалымдап, президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалаган. Бирок бүгүн, 19-августта, президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошотуу жарлыгына кол койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button