Окуялар

Байтик айылында 72 жаштагы карыяны сабаган шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, Байтик айылында 72 жаштагы эркек киши сабалган.

Маалыматка ылайык, окуя 28-март күнү болгон. Лицейдин имаратында 72 жаштагы жаран сабалып, ал милицияга кайрылып, кылмышка таанышын айыптаган. Анын айтымында, шектүү мас абалында болгон.

Бул факт боюнча текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду.

1984-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button