Окуялар

Ысык-Көлдүн жээгинен жаш кыздын сөөгү табылды. Учурда жакындары изделип жатат


Тоң районундагы Ысык-Көлдүн жээгинен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз болжолдуу 20-30 жаштарда. Аны жергиликтүү тургундар тапкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча анын денесинде тактар байкалган эмес. Милиция кыздын жакындарын издеп жатат. Анын жансыз денеси учурда райондогу өлүкканада жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган соң, өлүмүнүн себеби аныкталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button