Окуялар

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу токтогону айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу токтогонун президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн чектешкен Булак-Башы аймагында чек ара отряддары атышып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Учурда эки тараптын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, окуя болгон жерде иштеп жатканы айтылды.

«Эки облустун жатекчилери Абдикарим Алимбаев менен Ражаббой Ахмадзода телефон аркылуу абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөштү. Азыркы учурда атышуу токтоду», — деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жабыркагандар жок, калган аймакта абал тынч.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button