Чек ара чыры. Кыргызстан-Тажикстан ортосундагы окуяларынын хронологиясы

Окуялардын хронологиясы
14-сентябрда саат 08:00дө Тажик тарап «Булак-Башы» аймагында куралдуу агрессияны көрсөтүп, Самаркендек конушун кошкондо 5 багытта ок атуучу куралдардан жана минометтордон атуу башталган.
Саат 06:00дө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде дагы курал колдонуу фактысы катталды.
Андан ары саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылоого киришти.
Кийинчерээк таңкы саат 7:15те тажик аскер кызматкерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Паскы-Арык аймагында жайгашкан Самаркандек чек ара заставасын аткылай башташты.
2022-жылдын 16-сентябры саат 07:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.
Бирок эртең мененки саат 8:30да да, 11:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарбай, Кыргызстандын аймагындагы жарандык объектилерди аткылоону улантууда. Тажик аскерлеринин агрессиясы корунуп турат!!!
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы саат 14:00гө карата Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатканын билдирди.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилери – Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын – Саймумин Ятимов жолугушуусунун жыйынтыгында саат 17:04тө мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишилди.


