Окуялар

УКМК: Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button