Коом

«Манас” аэропортунан жалпы баасы 2млн. сомдук IPhone 14 PRO телефондорун мыйзамсыз алып өтмөк болушкан

Бул аппараттардын болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн.

Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган адам аныкталды. 

Окуя 17-сентябрь күнү саат 04:50 чамасында болгон. Анда «Манас» бажысынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатып Дубай — Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн биринин шектүү жүгүн аныкташкан. Маалым болгондой, бул жүк Россиянын М.Г.О. жаранына тиешелүү болгон. Анын ичинен Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефон табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button