Коом

Чолпон-Атада калкты тейлөө борборунун курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы калкты тейлөө борбору курула баштады. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

«Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендердик баасы 13 млн 458 мин сомду түздү», — деп маалым болду.

Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Имараттын жалпы аянты 270 чарчы метрди түзөт. Жаңы имарат бардык тийиштүү шарттары менен болуп, калкка сапаттуу, тез кызмат көрсөтүүгө шарт түзмөкчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button