Коом
БШК «Чоң Казат» партиясынан 4 талапкерди шайлоодон четтетти

БШК 18-сентябрда «Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка аттанган 4 талапкерди шайлоого катышуудан четтетти.
Шайлоодон четтеген талапкерлердин тизмеси:
— Султангазиева Анаркүл Аскарбековна;
— Собирова Саида Иброхимовна;
— Ажымамбетов Актан Айылчиевич;
— Асаналиев Ганы Бекбоевич.
Чечим «Чоң Казат» саясий партиясынан түшкөн билдирүүнүн негизинде кабыл алынды.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Булак: https://kabarlar.org/



