Саясат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды

Спикерликти тапшырып жатып ал сөз сүйлөдү.
«Баарыңарга белгилүү болгондой, 7-чакырылыш эл тарабынан шайланып, парламенттен орун алып, милдеттерин так аткарып келе жатат. 1 жылдан ашык убакыт өттү. Мени төрага кылып шайладыңар. Мен болгон күч-аракетимди парламенттин кадыр-баркын көтөрүүгө, конституциялык укуктарды ишке ашырууга жумшадым. Көптөгөн жакшы чечимдер кабыл алынды. 6-чакырылышта өзүбүз баштаган «Кумтөр» маселеси. Бул боюнча депутаттык комитет түзүлүп, тышкы башкаруучу киргизилди. Бул чакырылыш ошол ишти улантты. Мен жеке чечим кабыл алдым. Ага парламенттеги окуя себеп болду. Айрым депутаттар Баткенге барышты. Маселе парламенттен чыгып кетти. Мен ошол кезде чечим кабыл алып, өзүм заматта арыз жазып, Баткенге кетейин дегем. Силердин суранычыңар менен милдетти орун басарыма өткөрдүм. Мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кеттим. Мени кесиптеш катары туура түшүнөсүңөр деп ойлом. Мен кызматты тапшырдым. Төрагалык орун бош,- деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button