Коом
Бишкекте “Кан басымыңды бил” акциясы өттү

№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери каалоочуларды текшерип, оорунун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти. Иш-чаранын алкагында “Бишкексууканал” башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн кан басымын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Акциянын максаты — калктын гипертониялык оорулардын өтүшүп кетишинин алдын алуу жана тобокелдик факторлору боюнча маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу болуп саналат.



