23 жашка чейинки кыргыз балбандары дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү U23 дүйнө чемпионатына катышат.
Мелдеш 15-24-октябрь күндөрү Испаниянын Понтеведера шаарында өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча:
1. Таалайбек Бейшенбек уулу, 55 кг;
2. Аманат Самат уулу, 67 кг;
3. Адилхан Нурланбек уулу , 72 кг;
4. Акылбек Талантбеков , 77 кг;
5. Бексултан Назарбаев, 82 кг.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жана курама команданын улук машыктыруучусу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Эркин күрөш боюнча:
1. Бекзат Алмаз уулу, 57 кг
2. Мухаммад Абдуллаев, 79 кг
3. Карыпбаев Нуртилек, 86 кг
Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Русланбек Маджинов жана башкы машыктыруучулар Исламбек Тазабеков менен Табылды уулу Сүймөнкулдун жетекчилиги алдында катышат.



