Саясат

Крым көпүрөсүндөгү жардырууга шектелип сегиз адам кармалды

8-октябрдагы Крым көпүрөсүндөгү терактыны Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгы уюштурган. Бул иш боюнча Россиянын беш, Украина менен Армениянын үч жараны кармалганын РИА Новости жазды.

«Крым көпүрөсүндөгү терактыны Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгы уюштурганы, башында мекеменин жетекчиси Кирилл Буданов турганы аныкталды. Жардыргыч зат билинбегендей кылып жылтырак пленка менен оролуп, жыгач тактайлардын арасына салынган. Ал жүк августтун башында Одессадагы деңиз портунан Болгарияга жөнөтүлгөн», — деп айтылат билдирмеде

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button