Саясат
Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти

Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Бул жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 2022-жылдын 12-14-октябрында өтөт.



