Коом

Өлкөдө күйдүргү дарты чыкты деген маалымат боюнча текшерүү жүрүүдө

15-майда Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну сибирь жарасына шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору билдирет.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, союлган мал сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн.  Адистер малдын этине лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат.

«Кемин районунун Кароол Дөбө айылынын аймагы сибирь жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес. Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок», — дейт министрлик.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button