Саясат

Мадумаров бийлик башында турганда элге кандай жакшы иш жасаган?

Мадумаровдун баскан изине саресеп салып көрсөң кыргызга жасаган жакшылыктарын табуу кыйынга турат. Анысын моюнга алгысы келбей жүрөт. Кызыл тилине салып актанып жүргөнүчү. Акыркы кездери Мадумаровдун мындай иштери биринин артынан бири чыгып жатат. Жакында саясатчы Азимбек Бекназаров Мадумаровдун колу буга чейин эле булганганын айтып, ал кыргыздын 4 жерин коңшу өлкөлөргө өткөрүп берүүнүн башында турганын билдирди. «2006-жылдан баштап 2010-жылга чейин Адахан Мадумаровдун үнүн уктуңар беле? Уккансыңар үч жерде. Биринчиси, кыргыз-казак чек арасы каралып жатканда, Масалиев, Исаков, Бекназаров менен чогуу жүргөндө биз менен бирге каршы болуп жүргөн Адахан «Ак жол» партиясы менен парламентке келгенден кийин Каркыра, Көк-Сай, Токмоктун тушу, Маймак – баардыгын казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документтерде анын колу турат. Жогорку Кеңештин төрагасы – А. Мадумаров деп. Берген добушу да «макул» деп турат. Болбосо, ошондон эки жылча мурунураак эле каршы болуп жүргөн. Эмне үчүн өзгөрүлдү? Ким өзгөрүлдү? Менби же албы? Экинчиси, дагы бир тарыхый документте колу бар. Меморандумда да Коопсуздук кеңешинин катчысы катары колу бар. Бирок, ал билимдүү адам катары Конституцияны билиши керек эле, Коопсуздук кеңешинин катчысынын чек ара маселелерине байланыштуу документтерге кол койгонго, меморандум түзгөнгө укугу бар беле? Же өкмөт ага ошондой укук бериптирби? Же Жогорку Кеңеш ошондой укук берген беле? Же президент «кол кой» деп укук берген бекен? Жок. Үчүнчү дагы бир тарыхый документте колу бар. Көл жээгинде 4 анклав бар, Казакстандыкы, 50 гектар жери бар. Мөөнөтсүз убакытка Казакстанга, Назарбаевге өткөрүп берген. 1994-жылы Шеримкулов спикер кезинде өткөрбөй койгон. Мадумаров Данияр Үсөнов экөө шашылыш түрдө, кезексиз негизде чек ара менен кошо бир күндө карашып, Казакстанга өткөрүп берген. Ал жерде да Мадумаровдун колу турат», — дейт ал.

Адахан мырзанын “жер саткыч” экенин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев да буга чейин айтып чыккан. Ал учурда чыр чыгып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылындагы кыргыздын жерин тажиктики деп таанып, аны 49 жылга ижарага алган документке кол койгонун билдирген. Ошол документке таянган тажиктер азыр кыргыздарды кокодон алып, чɵгɵлɵткɵнгɵ аракеттенип жатканы белгилүү болууда. Мадумаров кол койгон протоколго ылайык, электр линиясын куруу үчүн Кыргызстандын 19 чакырым узундуктагы 90 гектар жер участогу Тажикстанга 49 жылга ижарага берилсе, тажик тарап анын ордуна Ош- Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгɵ 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын Кыргызстанга бɵлүп бермек. Бул жерде Мадумаровдун шалаакылыкка жол бергени ачык байкалып турат. Анын үстүнө Адахан мырза Коопсуздук кеңешинин катчысы катары аталган документке кол койгонго укугу болгон эмес. Жер тилкесин бɵлүштүрүү да логикалык негизде жүрбөгөн, 90 гектар жерди 5 гектар жерге алмашкан. Анын үстүнө 5 гектар жер деле кыргыздын жери болгон. Бул чыккынчылык эмей эмне? Кыскасы Мадумаров мындай чыккынчылыгы үчүн тарых алдында, урпактардын астында да жооп берет. Ага чейин анын жерлер боюнча аракетин мыйзам алкагында карап чыгуу керек. Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип, кайра өзү “Бүтүн Кыргызстан” деп төш кагып, ар кимге акыл айтып жүргөнү даана эки жүздүүлүк эмеспи?

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button