Саясат

«Pro Vent» компаниясы өз ишин кайрымдуулуктан баштады

Бул компания өз жабдуулары менен бекер жабдууну чечкен Бишкектеги биринчи мекеме Абай көчөсүндө жайгашкан. Ал жерде карылар жана майыптар жашашат. Тагыраагы, 24 саат бою өмүрүн төшөктө өткөрүүгө аргасыз болгон чоң ата, чоң апалар жашаган кайрымдуулук бөлүмүнө атайын жабдууларды орнотушту.

“Pro Vent” компаниясы Европа рыногунда иштей баштаганына 10 жылдан ашты, ал эми Казакстанда иштеп жатканына 5 жылдын жүзү болду. Аталган компания Кыргызстанга алдыңкы технологияны – автономдуу түрдө аба алмаштыруучу жабдууларды алып келүүдө. Ал үйлөргө, мекемелерге, дегеле таза аба зарыл болгон бардык жайларга автономдуу түрдө аба алмаштыра турган жабдууларды орнотуу менен иш алып барат. Жер үйдө же квартирада абаны дайыма терезелерди ачпастан таза кармап туруу, нымдуулуктан, көк жыттануудан, тумандап туруудан биротоло арылуу үчүн — ушундай технология ойлоп табылган. Бул жабдуунун иштөөсү үчүн электр же адамдын катышуусу талап кылбайт.

Технология жөнөкөй жана экологиялык жактан таза. Сырттан таза абанын кирүүсүнөн тышкары, булганыч аба сыртка чыгарылып турат.

Имараттын автономдуу вентиляциясынын бардык талашсыз артыкчылыктарын алгач Карылар үйүндө жашаган эң коргоосуз жана аярлуу тургундары сезип башташты.

Ал эми Кыргызстанда ушундай жакшы ишти баштаган компаниянын келечеги кең экени талашсыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button