Коом
12-февралга карата аба ырайы
12-февралга карган түнү Чүйдүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Республиканын калган аймактарында жаан-чачын болбойт.Дүйшөмбү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт.
Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6, Талас жергесинде 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9…14, Нарын аймагында -1…-6 градус болот.Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 2…4 , ал эми Ош шаарында 11…13 градуска чейин жетет.



