Саясат
Садыр Жапаров ӨКМге алынган 2 тик учак кандай максатта колдонуларын айтты

▪️керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз
▪️бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот
▪️туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алууга укуктуу
▪️жеке жактарга ижарага берет деп трагедия кылбагыла. Ижарага бергенде тик учак өзүн-өзү тез актайт
▪️биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой жүгүртүүдөн кетишибиз керек
▪️куткаруу иштерине да колдонобуз. Өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо тоо арасында адашып кеткен аскерлерди издеп таптык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет.
@user2



