Саясат
Кочкордогу кафедеги окуядан соң экс-спикер Дастан Жумабековдун агасы Алмазбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулду

Ал Нарын милициясын жетектеп келген.
24-декабрда чекисттер Кочкор районундагы кафенин ээсин опузалап, айына 1000 доллардан берип турушун талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Аларды калкалап, ишти жабууга аракет кылган деп райондук милициянын жетекчилиги да колго түшкөн.
Аталган окуя боюнча онлайн-кеңешме өтүп, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн эле эмес, бүт Нарын милициясынын да жоопкерчилиги каралган.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 9 кызматкер иштен алынды. Алардын бири — Нарын ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков.



