Коом

Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын накталай алганы үчүн жумуштан алынды

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Султанбек Жумаев, №36 каттамдын айдоочусу Макен Керимбаев , №195 каттамдын айдоочусу Дөөтгүл Мамбетов каттамдан алынды.

Буга чейин автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү эскертилген.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгы айтылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button