Окуялар

Садыр Жапаровдун иниси кармалды

УКМК президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаровду кармады. Бул маалыматты “Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Маалым болгондой, Улан Жапаров ири өлчөмдө алдамчылык жасаган деп шектелүүдө.

Анын бөгөт чарасы 21-июнда сотто каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Улан Жапаров 19-августка чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал укук коргоо органдары тарабынан биринчи жолу кармалып жаткан жок.

Улан Жапаров буга чейин 2023-жылы июль айында ИИМ тарабынан бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеген.

Учурда ал иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button