Маданият

Белгилүү жазуучу Мурзапар Үсөн дүйнөдөн кайтты

Белгилүү жазуучу, драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү жана журналист Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар кошунунун мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору.

Эл унутпагандай из калтырган жөнөкөй, табиятты сүйгөн, өмүрү чыгармачылык менен өткөн жазуучу, тарыхчы агабыз калк арасында кадыр-барктуу инсан эле.

Кичи пейил мамилеси, жасаган эмгеги элибиздин эсинде калат. Агайдын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев, өкүлдүн биринчи орун басары М.Тулаев, өкүлдүн орун басары Ж. Исаков, өкүлдүн орун басары Т. Мадяров, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси А. Ураимов жана жалпы аппараттын кызматкерлери.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button