Коом

УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 25-декабрында  КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.  Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант  К.К.Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Чүй облусунун Москва районунун акими Н.Э. Козуев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап  талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган. Белгилей кетсек, ушуну менен тийиштүү кызматтын Чүй облусу боюнча бардык бөлүмдөрү жаңыланып бүттү.

КР УКМК төрагасы К.Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.  Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады. Аны менен катар төрага өлкө аймагындагы ири жана чакан базарларда жерге болгон ижара акылары 30%дан 50%га чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

Деген менен базарлардагы шарттар канааттандырарлык  эмес экени айтылып, ички башаламандыктарды жоюу, соодагерлерге керектүү шарттарды түзүп берүү жана инфраструктураны жакшыртуу талабы күчүндө тургандыгы айтылды.

Ошондой эле УКМК  төрагасы мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча оор иштер жүрүп жаткандыгын, анын алкагында жакында эле Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын 8- шаардык милиция болумунун жетекчиси жана Биринчи Май районунун акими жумуштан алынып,  10го жакын  милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын  айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Мындан тышкары генерал-лейтенат К.К.Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду.

Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык  үстөк кошууларын төлөй албай,  жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды. Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып,  ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи.

Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button