Коом

ВИДЕО: Ысык-Көл облусунун милициясы жарандарды чөнтөк уурулук жөнүндө эскертет

Эреже катары, чөнтөк уурулук кылмышы эл көп чогулган жерлерде жана убакыттын кызып турган мезгилинде жасалат. Белгилүү бир жабырлануучуну тандап алган, чөнтөкчү, адамдардын көптүгүнөн жана бири-бири менен болгон түртүшүүдөн пайдаланып, саналуу көз ирмемде өзүнүн кылмыш максатына жетүүгө аракеттенет.

Чөнтөк уурулуктун кеңири таралган жайлары – бул коомдук транспорт, же анын аялдамалары, соода борборлору, дүкөндөр жана базарлар болуп эсептелинет.

Андыктан милиция кызматкерлери жарандарды сак болууга чакырат.

Эл көп чогулган жерлерде капчыктарыңыздарга, уюлдук телефондоруңуздарга жана сумкаларыңыздарга өзгөчө этият болушуӊуздар керек. Жарандар өздөрүн чөнтөк уурулардын кылмыш аракетинен сактоо үчүн, капчыктарын, уюлдук телефондорун, акча каражаттарын жана документтерин сырткы чөнтөктөрдө алып жүрбөшү керек. Оозу ачык сумкаларыӊыздарга өтө этият болуу менен аны бөтөн адамдарга көрсөтпөгө  аракет көрүү керек жана аны ар дайыма көз алдыңызда кармаңыздар.

Жасалган уурулук фактысы жөнүндө мүмкүн болушунча тезирээк 102 байланыш телефонуна, же жакынкы милиция бөлүмүнө билдирүү зарыл, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button