Дүйнө

ВИДЕО: Түркияда аялдын арбагы куткаруучуларга келип, балдарын көргөзүп сактап калууну суранган

Түркиянын Кахраманмараш шаарында куткаруучу таң калаарлык окуя болгонун айтып, видео менен бөлүштү.

«Куткаруу иштерин жүргүзүп жатканбыз. Кырсык болгондон беш күн өткөн эле. Үйүлүп турган үймөктү кран менен казайын деп жатсак, бир аял боздоп ыйлап жаныбызга келди. «Казбагыла, ушул дубалдын астында менин эки балам калды, аларды куткаргыла»,- деп жалбарды. Ал жерде киши бар экени билинбей турган. Биз ал жерди тештик, астынан эки баланы чыгардык. Балдарды апасына тапшыралы деп, бизге келген аялды издедик. Барыбыз «Балдарды чыгардык» деп кыйкырып жаттык. Жанакы келген аял жок, таппайбыз… Чыгарылган 13 жаштагы бала «Менин апам 4 жыл мурун каза болгон»,- деди. Баарыбыз тизелеп олтуруп дуба кыла баштадык»,- деди куткаруучу.

Видеону бул шилтемеден көрсөңүз болот:

https://www.facebook.com/watch/?v=595080635767536

Эскерте кетсек, Түркиядагы зилзаладан миңдеген жарандар каза болуп, миңдеген жарандар жаракат алышкан.

Булак: 7tv.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button