Окуялар

УКМК: Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК инженердик-сапердук тобу  менен, 2023-жылдын 2-мартында Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

Ал жайда, желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) — 1 даана, револьвер тапанчасы — 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) — 1 даана, ПМдин магазини — 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору — 7 даана (9мм), аңчылык патрондору — 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги — 88 даана патрондор табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышынын боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө,- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button