Коом
6-мартка карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас жергесинде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +8…+13, ал эми Нарында -2…+3 градуска жылыйт.
Бул күнү Бишкекте жамгыр жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +18…+20, Ошто +20…+22 градуска жетет.



