Коом

Стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө

Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган окуянын чоо-жайын иликтей турган атайын комиссия түзүлдү. Аны министрдин кеңешчиси жетектейт.

Ал эми кичинекей кыздын өлүмү катталган клиниканын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Бул ишти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды.

«Ошондой эле, тиешелүү укук коргоо органдарынан кайрылуу келип түшкөндүгүн, ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилээрин маалымдайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button