Коом
Кыргызстандагы ипотекага берилчү турак жайларды курууга 100 миллион доллар жумшалат. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлөт
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялады.
Үйлөр кыргызстандын «Менин үйүм 2021–2026» программасынын катышуучулары үчүн курулат.
Мамлекеттик ипотекалык компания долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары иштейт. Ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөм жүргүзөт.
Зайымчылардан алынган каражаттарды Мамлекеттик ипотекалык компания Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.



