Коом
Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер УКМКга кайрылса болорун айтты
Атайын кызматтын башчысы Кадамжайда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдырына кайгыруу менен билдирүү жазды.
“Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук корсотулуп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыныздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Эне бар — үй-бүлө бар, мекенибиз болот!” — деген Ташиев.



