Коом

Эмгек министрлиги «Санарип Аймак» менен «Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашууну баштады

Эмгек министрлиги «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын (мындан ары – СЖКМТ) ортосунда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну ишке ашыра баштады. 

Бул сервис Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине социалдык төлөмдөрдү дайындоо үчүн кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы жөнүндө маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүндүк берди.

Жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкаттар мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген. Азыркы учурда бул маалымкаттарды берүү боюнча функциялар муниципалдык кызматтардын базалык реестринен алынып салынган. 

«Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизилбеген жарандар тийиштүү маалыматтардын жоктугунан, базага каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга тийиш.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button